Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 01:17
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Максат Мамытканов Азербайжандын экология министри менен жолукту

16.12.2024 12:39
174
Максат Мамытканов Азербайжандын экология министри менен жолукту


Кыргызстандын элчиси Максат Мамытканов Азербайжандын экология жана жаратылыш ресурстары министри Мухтар Бабаев менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 11-23 ноябрда Бакуда өткөн БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык конвенциясынын тараптарынын Конференциясынын 29-сессиясынын (COP29) жана Кыргызстандын делегациясынын бул глобалдык климат форумуна катышуусунун жалпы жыйынтыктарын талкуулашты.

Элчи Максат Мамытканов Кыргызстандын демилгеси боюнча 2022-жылы БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан жарыяланган 2023-2027-жылдарга "Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгына" ылайык илгерилитилип келген Кыргызстандын тоо демилгелерин колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун соңунда маектештер айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндө, анын ичинде тоолуу аймактардын көйгөйлөрүн чечүүдө, БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык конвенциясынын тараптарынын Конференциясынын жана СОР29дагы Азербайжандын төрагалыгынын алкагында биргелешкен иштин маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн