Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев депутаттардан жаңы гимн боюнча сынакты октябрга чейин узартууну суранды.
Анын айтымында, сынакка жалпы 703 сунуш түшкөн. Анын ичинен 285 долбоор катталган. Алардын арасында музыкасы менен текст, бир гана музыка жана текст варианттары болгон. Анын ичинен 177 долбоордо гимндин тексти гана, эки долбоордо гимндин обону гана бар.
"Комиссия гимндин музыкасынын бир да версиясын жактырган жок. Сынакты эки этапка бөлүүнү сунуштайбыз: биринчисинде ырдын тексти, экинчисинде музыка гана каралат. Буга байланыштуу сынактын мөөнөтүн 2025-жылдын 1-октябрына чейин узартууну суранабыз", — деди Маданият министрлигинин башчысы.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн