Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 14:39
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Маданият министрлиги кайрадан айып пулга жыгылды

01.10.2020 10:13
969
Маданият министрлиги кайрадан айып пулга жыгылды

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы коомдук жайларда тартип жана тазалыкты, көрктөндүрүү эрежелерин бузгандар менен күрөшүүнү улантууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, шаар тургундарынан Ю.Абдрахманов жана Мичурин көчөлөрүнүн кесилишиндеги Кычан Жакыпов атындагы сейил бак каралбай, таштандыга толуп кеткендиги боюнча кайрылуулар түшкөн.

СЭИ кызматкерлери тарабынан сейил бактын айланасы таштандыга толгону аныкталып, Маданият, маалымат жана туризм министрлигине бузууларды четтеттүү үчүн эскертүү берилген, бирок коомдук жай тазаланган эмес. Буга байланыштуу, министрликке «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 293 беренеси боюнча протокол түзүлүп, айып пул салынды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн