Кулжа 06, 2025
Убакыт: 05:36
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.102
1.125

Ли Чжэ Мён Түштүк Кореянын президенти болду

04.06.2025 09:14
74
Ли Чжэ Мён Түштүк Кореянын президенти болду


Тобуро Демократиялык партиясынан президенттикке талапкер Ли Чжэ Мён шайлоодо жеңишке жетишти. Ал шайлоочулардын 49,4% добушун алды. Бул тууралуу «Рёнхап» агенттиги маалымдаганын коммерсант.ру агенттиги жазды.


Анын атаандашы, «Жарандык күч» партиясынан Ким Мун Су 41,15% добуш алды. Реформа партиясынан Ли Чжун Сок — 8,34%, Эмгек демократиялык партиясынан Квон Ён Гук — 0,98%, ал эми көз карандысыз талапкер Сон Чжин Хо — 0,1% добуш алышты.


Түштүк Кореянын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, шайлоого катышуу 1997-жылдан берки эң жогорку көрсөткүчкө жетип, 79%дан ашты. Жалпысынан өлкө боюнча 14 259 шайлоо тилкеси иштеди. Бул көрсөткүчкө мөөнөтүнөн мурда берилген добуштар да кирет. 29–30-май күндөрү өткөн мөөнөтүнөн мурда добуш берүүдө шайлоочулардын 34,74% катышкан.


Бул шайлоо 2024-жылдын декабрында мурдагы президент Юн Сок Ёлго импичмент жарыялангандан кийин дайындалган. Баштапкы планда шайлоо 2027-жылы өтүшү керек болчу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн