Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 22:45
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Лейлекте чек арада жайгашкан айылдын тургунунан 7 кг баңгизат табылды

11.12.2021 11:33
1029
Лейлекте чек арада жайгашкан айылдын тургунунан 7 кг баңгизат табылды

Баткенде жергиликтүү тургундун унаасынан салмагы 7 кг болгон баңгизат табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, 9-декабрда Баткен облусунун Лейлек районунун Арка айылынын тургуну "“К.К." аттуу жаранга тиешелүү "Опел" үлгүсүндөгү жеңил унаада катылган жеринен болжол менен 7 кг салмактагы баңги заты табылып алынды.


"Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, табылган баңги заты гашиш (кара куурай) экени аныкталды. Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда", - деп айтылат маалыматта.


Белгилей кетсек, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүмү ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогторун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") боюнча каралган кылмыштын белгилери боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, тийиштүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн