Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 23:55
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Лейлек районунда атайын рейддин жүрүшүндө элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

25.02.2022 10:04
538
Лейлек районунда атайын рейддин жүрүшүндө элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Лейлекте текшерүүнүн жыйынтыгында жарандарга эскертүүлөр берилди. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.

   

   Лейлек РИИБнин Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмчөсү 23-24-февраль күндөрү “Арсенал”, “Профилактика” рейддик иш-чараларын өткөрүштү. Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмчөсү тейлеген Жаштык, Достук, Арка жана Борбордук айылдарынын жергиликтүү тургундары менен жолугушуп, каттоодо турган курал-жарактардын сактоо мөөнөттөрүн, сактоо эрежелерин текшерип чыгышты. Ошондой эле жергиликтүү тургундарга чогулуштарды уюштуруп, жаш өспүрүмдөргө көзөмөлдү күчөтүүнү, зордук-зомбулуктун, топтошуп мушташуулардын алдын алуу, кылмыштуулукту болтурбоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

     

 Иш-чаранын жыйынтыгында Кыргыз республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 133-беренеси (ок атуучу, газ, пневматикалык, ыргытма жана электрдик куралын, же болбосо алардын атуучу ок-дарыларын сактоо жана ташуу эрежелерин бузуу) боюнча 4 жаранга эскертүүлөр берилди.  


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн