Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 16:13
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.055
1.090

Lexus-470 үлгүсүндөгү унаа Чычкан суусуна түшүп кетти

Lexus-470 үлгүсүндөгү унаа Чычкан суусуна түшүп кетти



2-июнда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда Бишкек – Ош унаа жолунун 275-чакырымында Lexus-470 үлгүсүндөгү унаа Чычкан суусуна түшүп кеткен. 


Чычкан капчыгайында катталган кырсыкта унаанын ичинде 5 адам болгон, анын ичинен 2 адам жеңил жаракат алышып, тез жардам кызматы тарабынан ооруканага жеткирилген. Бактыга жараша каза болгондор жок.


 Унаанын ээсинин кайрылуусунун менен Чычкан суусунан чыгарып берүүгө көмөк көргөзүү үчүн жерине Токтогул райондук №97 ӨКБдан 5 куткаруучу жана 23-жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, ИИМден 1 экипаж тартылды.


Натыйжада сууга түшүп кеткен унааны чыгарып, ээсине өткөрүп беришкен.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн