Курулуш компаниясынын мүлкүн басып алган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызмат уюшкан топ түзүү же ага катышуу фактысы боюнча УКТ мүчөлөрү Б.К.Н., Ы.Р.А. жана Ж.А.М.ны кармады.
Мурда бир нече жолу соттолгон Б.К.Н, Ы.Р.А. жана Ж.А.М. кылмыш келишимине кирип, кылмыштарды жасоо жана мыйзамсыз каржылык баюу максатында уюшкан кылмыштуу топ түзүп, физикалык зомбулук менен коркутуп-үркүтүү жолу аркылуу жеке ишкерлердин кыймылсыз мүлкүн ээлеп алышкан.
Атап айтканда, уюшкан кылмыштуу топтун аталган мүчөлөрү алдамчылык аракеттер аркылуу курулуш фирмасынын жетекчилигин өзүнүн аффилирленген жактарына кыймылсыз мүлк объекттерин кайра каттоого мажбурлап, анын ордуна курулуш материалдарын берүүгө убада беришкен. Ошол эле учурда бул топ туруктуу негизде курулуш компаниясынын директорунун кеңсесине келип, компаниянын жетекчилигин коркутуп, алардын мүлкүн кылмыштуу топтун колуна өткөрүп берүүнү көздөгөн.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жогоруда аталган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү Б.К.Н., Ы.Р.А. жана Ж.А.М. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.
Жогорудагы кылмыш ишинин алкагында Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого тиешеси бар башка адамдарды да аныктоо боюнча бир катар ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн