Кулжа 06, 2025
Убакыт: 19:53
USD
87.30
87.80
EUR
99.40
100.40
RUB
1.090
1.125

Күрүч өстүргөндөргө сугат суу кымбаттады

05.06.2025 11:25
46
Күрүч өстүргөндөргө сугат суу кымбаттады


Күрүчтүн кирешелүүлүгүн эске алганда, сугат суунун баасы кымбат деле эмес. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.


Ведомство дыйкандар аталган өсүмдүктү суугарууга жылына 7 миң сом төлөшөрүн, бул жарым кап күрүчтүн баасы экенин белгилеген.


"Бир гектар күрүчтү өстүрүүгө дыйкандар 100 миң сомдон ашык чыгым болушат (жердин ижара акысын кошкондо). Орточо эсеп менен бир гектардан 38-45 центнер шалы алынып, андан 2,5-3,5 тонна күрүч даярдалат. Күрүчтүн килограммы 200-250 сомдон сатылса, бир гектардан 600-700 миң сом киреше түшөт. Чыгымдарды эсепке алганда, дыйкан гектарынан 400-500 миң сом пайда табат. Бир мүшөк күрүчтүн баасы 12,5 миң сом болсо, анын жарымы сугат суунун акысына жумшалат", — деп айтылган министрликтин маалыматында. 


Ошондой эле соңку 30 жылда күрүч айдоо беш эсе көбөйгөнү, дыйкандарга сууну үнөмдүү пайдалануу зарылдыгы жаралганы кошумчаланды. 


Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары күрүчкө сугат суунун баасы көтөрүлүп жатканы боюнча маселе көтөрүшкөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн