Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 02:47
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Курсан Асанов камакка алынды

26.01.2021 18:19
1978
Курсан Асанов камакка алынды

Ички иштер министрини мурдагы орун басары Курсан Асанов камакка алынды. Бул тууралуу анын жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди.


Анын айтымында, Курсан Асанов бүгүн ИИМге суракка чакырылган. Ал 5-6-октябрдагы окуяларда ИИМди күч менен басып алууга шектелип камакка алынган.


"Бул саясий чечим. Курсан Асанов ИИМдин имаратына Өмүрбек Суваналиевдин буйругу менен келген. Талап-тоноого жол бербөө үчүн ушундай кадамга барган. Ал элдик кошуундар менен бирге абалды турукташтырган.  Асановго ырахмат айтуу ордуна камап коюшту. Асанов ошол убакта эч кандай буйрукка кол койгон эмес",- деди Айткулов.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн