Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 21:34
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Курсан Асанов ИИМди басып алууга шектелип кармалса, эмнеге УКМК, Финпол, Башкы прокуратураны басып алгандарга жаза берилбейт?

04.02.2021 11:45
1060
Курсан Асанов ИИМди басып алууга шектелип кармалса, эмнеге УКМК, Финпол, Башкы прокуратураны басып алгандарга жаза берилбейт?


Курсан Асановду ИИМди басып алды деп күнөөлөп жатат. Бир адам кантип ошончо милицияны басып алсын. Бул акылга сыйбайт. Мындай пикирин ЖК депутаты Дастан Бекешев жыйында билдирди.


"Ошондо өз имаратын басып алууга жол берген биздин милиция эмне кылды эле? 7-октябрда Асанов жалгыз ошончо милицияны катарга тургузду жеке өзү мажбурлай албайт эле. Ага так айып коюлуп жаткандыгын объективдүү карап же ачык айтып, сот процесстерин ачык өткөрүү керек. Ошондой эле аны өлкөдөн чыкпоо жөнүндө жазуу жүзүндөгү келишим менен бошотсоңуз болот", - деди ал президенттин ЖКдагы өкүлүнө кайрылып.


"Ошол кезде ким, эмнени гана басып алган жок. УКМКны, Финансылык полицияны, Башкы прокуратураны басып алууга аракет кылгандар болду. Эмне үчүн анда аларга айып салынбайт? Сиз объективдүү болушуңуз керек”, - деди Бекешев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн