Кулжа 06, 2025
Убакыт: 08:13
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.102
1.125

Куланак ГЭСин куруу иштери кандай жүрүүдө?

04.06.2025 11:12
82
Куланак ГЭСин куруу иштери кандай жүрүүдө?


Куланак ГЭСи Кыргызстанды энергектикалык көз карандысыздыкка жакындатууда. Бул тууралуу РКӨФ төрагасы Артем Новиков билдирип, курулуштун видеосу менен бөлүштү.


Новиковдун айтымында, долбоор ишке кирсе өлкөнүн энергетикалык тартыштыгы 20 пайызга кыскарып, көз карандысыздык багытындагы чоң кадам болот. 


ГЭС жылына 435 миллион кВт/саат электр энергиясын өндүрүүгө жөндөмдүү. Курулуштун жалпы баасы — 118 миллион доллар. Долбоорго Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКФР) жана Евразиялык өнүктүрүү банкы (ЕАБР) 44 миллион доллардан бөлүп, негизги каржылык колдоо көрсөтүп жатат.


"Бул ГЭС өлкөдөгү энергия тартыштыгын 20 пайызга кыскартып, президенттин энергетикалык көз карандысыздык боюнча тапшырмаларын аткарууга дагы бир кадам жакындатат", — деди Новиков. 


Курулушта учурда 770 киши иштеп жатат. Объект пайдаланууга берилген соң 97 иш орду түзүлөт. Ошондой эле долбоор аймактагы жаңы мелиорациялык системаларды курууну да камтыйт. Анын эсебинен сугат жерлердин аянты 4650 гектардан 6769 гектарга чейин кеңейтилет. Бул натыйжасыз насостук системалардан баш тартууга жол ачып, мамлекеттик чыгымдарды жылына 10 миллион сомго кыскартууга мүмкүндүк берет. 


ГЭСтин курулушу 2026-жылдын аягына чейин аяктап, 2027-жылы пайдаланууга берилет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн