Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 08:04
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2021-жылы кайтарылып келеби?

21.05.2020 15:42
1787
Кримтөбөл Азиз Батукаев 2021-жылы кайтарылып келеби?


Эл өкүлү Жыргалбек Турускулов бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында кримтөбөл Азиз Батукаевди берүүнү талап кылуу жаатында Кыргызстан кандай жыйынтыкка жетишкенине кызыкты.


Өз кезегинде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов кайрылуу жөнөтүлгөнүн жана 2021-жылы Россия тарап ишти кайрадан кароого даяр экендиктерин белгилешкенин маалымдады. Буга Азиз Батукаевдин 2017-жылы төрт жылга соттолуп, учурда жазасын өтөп жаткандыгы себеп болгон.   


Сөз соңунда депутат көзөмөл органын мыйзам үстөмдүгүн орнотуу багытындагы чараларды күчөтүүгө чакырып, прокуратуранын ишинин ачык-айкындуулугу калктын ишениминин өсүшүнө жол ачарын кошумчалады.


2019-жылы камактагылардын 144ү экстрадицияланганын маалымдап, алардын көпчүлүгү Россия менен Казакстандан алынып келгенин Өткүрбек Жамшитов кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн