Баш оона 05, 2025
Убакыт: 17:07
USD
87.30
87.80
EUR
100.60
101.60
RUB
1.085
1.110

Коронавирусту белгиси жок алып жүргөндөр 1 366 адамга жетти

26.06.2020 10:59
1159
Коронавирусту белгиси жок алып жүргөндөр 1 366 адамга жетти


COVID-19 инфекциясын белгиси жок алып жүргөндөр 1 366 бейтапка жетти. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 26-июндагы брифингде билдирди.


Маалыматка ылайык, ооруну белгилери жок алып жүргөн 1 366 адам үй карантининде жатат. Стационарларда 633 адам жатса, анын он экиси жандандыруу бөлүмдөрүнө түшүп калган.


26-июнга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусу жалпы 4 204 адамдан аныкталып, алардын 2 162си ооруканадан чыгарылса, 43 бейтап каза болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн