Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 17:00
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Коронавирус илдетин жаңы жуктургандардын бири эмчектеги наристе

24.03.2020 18:54
868
Коронавирус илдетин жаңы жуктургандардын бири эмчектеги наристе


Коронавирус илдетин жаңы жуктургандардын бири эмчектеги наристе. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан кабарлады.


Саламаттык сактоо министрлигинин 24-март күнү саат 18:30га карата маалыматында жаӊы жуктургандар 26 адам, мурда бул илдет аныкталгандар 16 болгону, баары 42 адамга жеткени айтылат. 


Ошондой эле ооругандардын арасында энесинен илдет жуктурган эмчектеги наристе жана 14 жаштагы өспүрүм бар экени, калган бейтаптардын жашы – 16 жаштан 86 жашка чейин экен да кабарланат. 


Бейтаптар Бишкек шаарынын инфекциялык ооруканасында, Ош шаарынын шаардык ооруканасында жана облустук ооруканаларга жайгаштырылган. Аларга тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн