Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 19:17
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Коронавирус Таласта: Каза болгон адам оору жуккан жубайына тынчсызданып жаткан

24.06.2020 14:42
1211
Коронавирус Таласта: Каза болгон адам оору жуккан жубайына тынчсызданып жаткан


Талас облусунда коронавирустан каза болгон 68 жаштагы адамдын жубайына жана баласына дагы оору жуккан. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлү Марат Мураталиев 24-июндагы брифингде билдирди.


Анын айтымында, каза болгон бейтаптын башка дагы оорулары болгон. 


"Ал ооруну биринчилерден болуп жуктурган адамдардан болгон. Анын баласынан жана жубайынан дагы илдет катталып, өзү ооруканасына жаткырылган. Ал оору жуккан жубайына тынчсызданып жаткан, бирок өзүнүн кан басымы жогорулап кеткен. Дарылануусуна карабай каза болуп калды", - дейт облус башчы. 


Ал белгилегендей, облуста жалпы 35 адамдан коронавирус аныкталды. Жалпы 34 адам обсервацияда. 


22-июнда саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифингде Талас облусунда коронавирустан бир жаран каза болгонун билдирген. 





Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн