Кулжа 17, 2025
Убакыт: 16:05
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.100
1.140

СOVID-19: Бишкек жана Ош шаарларында бейтаптар үчүн орундар көбөйтүлөт

27.06.2020 12:21
994
СOVID-19: Бишкек жана Ош шаарларында бейтаптар үчүн орундар көбөйтүлөт


Бишкек жана Ош шаарында коронавирус жуктурган бейтаптар үчүн 335 орун бар. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 27-июндагы брифингде билдирди. 

Анын айтымында, ооруга чалдыккандардын саны көбөйүп жаткандыктан кошумча орундарды түзүү пландалууда.

Воронцовкадагы курортология институту кечээ күндөн тарта бейтаптарды кабыл ала баштады. Бүгүндөн тарта №1 шаардык клиникалык ооруканасында типтүү эмес пневмония үчүн  92 орун дайындалды, - деди ал.

27-июнга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 309 учур катталды. Муну менен республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 4513 болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн