Баш оона 07, 2025
Убакыт: 19:08
USD
87.30
87.80
EUR
101.50
102.50
RUB
1.095
1.125

Көк-Жардагы курулуштардын буздурулушу: 22 адам кармалып, бешөө камалды

07.08.2025 14:43
18
Көк-Жардагы курулуштардын буздурулушу: 22 адам кармалып, бешөө камалды


Көк-Жар айылынын 172-контурундагы чыр боюнча 22 киши кармалып, бешөө камалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинен билдиришти. 


Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Жолду мыйзамсыз тосуу" беренеси менен кылмыш иши козголду.


Беш киши убактылуу кармоочу жайга киргизилсе, 17 кишиге Укук бузуулар кодексинин "ИИМ кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө" беренеси боюнча протокол түзүлүп, айып пул салынган. 


Эске салсак, аталган аймакта мыйзамсыз курулуштарды буздуруу иштери жүрүүдө. Ал эми жергиликтүү бийлик аталган контурда коммерциялык объектилер гана бузулуп жатканын белгиледи.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн