Кулжа 17, 2025
Убакыт: 16:18
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.100
1.140

Кочкордо оор жүк ташуучу унаа жол кырсыгына кабылды

Кочкордо оор жүк ташуучу унаа жол кырсыгына кабылды

Кочкордо жол кырсыгы катталып, 2 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, Нарын облусунун Кочкор районундагы Кум-Дөбө айылынын Кочкор-Ата тилкесинде HOWO үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып оодарылып кеткен.


Кырсыктын кеспетинен 1981-жылы туулган Ү.Б. жана 2005-жылы туулган Б.Ж. аттуу эки эркек киши жабыркаган. Жерине 3 куткаруучу тартылып, жабыркагандарды унаадан чыгарып тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн