Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 06:40
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Кочкор районунда “Йакын Инкар” агымынын мүчөсү экстремисттик агымдан баш тартты

25.05.2022 18:27
1099
Кочкор районунда “Йакын Инкар” агымынын мүчөсү экстремисттик агымдан баш тартты

“Йакын Инкар” диний экстремисттик агымдын  мүчөсү мүчө болуудан баш тартты. Бул тууралуу бүгүн УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.


   УКМК диний-экстремистик жана эл аралык террордук уюмдардын ишмердүүлүгүн алдын алууга жана токтотууга багытталган иш-аракеттердин алкагында, 2022 жылдын 23 майында Кочкор районунун аймагында түшүндүрүү-профилактикалык иш-чаралары жүргүзүлүп, анын натыйжасында сот тарабынан ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Йакын Инкар” диний-экстремисттик агымынын жергиликтүү ячейкасынын мүчөсү М.у.С. диний багытты тандоодо адашкандыгын мойнуна алды, “Йакын Инкар” диний-экстремисттик агымынын экстремисттик идеяларынан баш тартып, башка жарандарды аталган агымдын мыйзамсыз чакырыктарына алдырбоого чакырды.


      Белгилей кетсек, аталган Кыргыз Республикасынын жараны М.у.С. узак убакыт бою жергиликтүү калктын арасында диний-экстремисттик агымдын радикалдык идеяларын үгүттөгөн, “Йакын Инкар” кыймылынын жергиликтүү түзүмдөрүнө жаңы мүчөлөрдү тарткан.


      КР УКМК экстремисттик жана террористтик ишмердүүлүккө каршы тынымсыз иш-аракеттерди жүргүзүүнү улантууда. 


      

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн