Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 23:44
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.055
1.090

Кызыл-Кыяда шахтадан чыккан газга ууланып бир адам каза болду

Кызыл-Кыяда шахтадан чыккан газга ууланып бир адам каза болду

Баткен облусунунун Кызыл-Кыя шаарында 34 жаштагы жаран шахтада газга ууланып каза болду.


Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Кызыл-Кыя шаарынын Кара-Козу айылында жайгашкан көмүр шахтасында газ чыккандыгы тууралуу маалымат берген.


Жерине Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын Кызыл-Кыя шаарындагы 4-ӨМТККВнан улук лейтенант Кочкоровдун жетекчилигинде 5 куткаруучу тартылды.


Шахтанын 90 метр тереңдигинде 34 жаштагы Ноокат районунун Т.Ө.М. аттуу тургунунун жансыз денеси табылып, жакындарына өткөрүлүп берилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн