Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 12:23
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.045
1.090

Кызыл-Кыяда милиция 4-5 жаштагы жоголуп кеткен кызды таап, ата-энесине өткөрүп берди

16.05.2022 16:19
1405
Кызыл-Кыяда милиция 4-5 жаштагы жоголуп кеткен кызды таап, ата-энесине өткөрүп берди

Кызыл-Кыяда жоголуп кеткен кызды милиция таап, ата-энесине өткөрүп берди. Бул туурасында Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


 Баткен ОИИБдин кайгуул күзөт кызматынын милиционери милициянын сержанты Садыров Эламан коомдук коопсуздукту сактап жүрүп, Кызыл-Кыя шаарындагы Асаналиев көчөсүндө жайланышкан “Таштемир-Ажы” базарында бүгүн 16-май күнү эрте менен саат 9дар чамасында 4-5 жаштагы жаш кыз жоголуп калганын байкаган.


 Текшерүү иштеринин жүрүшүндө арадан 1-15 саат өткөндөн кийин Ош облусунун Ноокат районунун Салиева айылынын тургуну (кыздын апасы) милиция кызматкерлерине өзүнүн ыраазычылыгын билдирип, кызын алып кетти.


 Кызыл-Кыя шаарындагы “Таштемир-Ажы” борбордук базарына Ош облусунун Ноокат, Араван райондорунун жана Баткен облусунун Кадамжай районунун жергиликтүү тургундары барып күн сайын соода-сатык иштерин жүргүзүшөт.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн