Кулжа 14, 2025
Убакыт: 16:43
USD
87.30
87.80
EUR
100.40
101.40
RUB
1.085
1.120

Кызыл-Кыяда “Сапат” лицейинин окуучусу сабалган

Кызыл-Кыяда “Сапат” лицейинин окуучусу сабалган


Кызыл-Кыя шаарындагы "Сапат" кыргыз-түрк лицейинде окуучунун сабалган окуясы боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.


Буга чейин социалдык тармакта эркек киши окуучуга кол көтөрүп, уруп-согуп жаткан видео тараган. Анда окуя Кызыл-Кыя шаарындагы "Сапат" кыргыз-түрк лицейинде болгону жазылган.


Облустук милиция окуя тууралуу 24-январда маалымат түшкөнүн айтып, аталган факт Бирдиктүү реестрге катталганын белгиледи. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн