Кытайлык компания Кыргызстанда мопед жана электромотоциклдерди чыгаруучу завод ачууга кызыкдар. Бул туралуу КР Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган маселе Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариевдин Кытайдын Цзянсу провинциясынын Сюйчжоу шаарында жайгашкан Huaihai Holding Group компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуусунда айтылды.
Жолугушуунун жүрүшүндө инвестициялык кызматташтык маселелери талкууланып, компаниянын жетекчилиги Кыргызстанда мопеддерди жана электромотоциклдерди чыгаруучу завод ачууга кызыкдар экенин билдирди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн