Теке 08, 2025
Убакыт: 16:15
USD
87.30
87.80
EUR
102.30
103.30
RUB
1.110
1.135

Кытайда ШКУга мүчө мамлекеттердин шаар мэрлери катышкан саммит өтүүдө

08.07.2025 10:29
16
Кытайда ШКУга мүчө мамлекеттердин шаар мэрлери катышкан саммит өтүүдө


Бүгүн Кытайдын Тяньцзинь шаарында "Дүйнөлүк мэрлердин диалогу – ШКУнун шаарларынын саммити" иш-чарасы өтүп жатат. Ага Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин шаар мэрлери, Кытайдагы дипломатиялык өкүлдөр, элчилер, аналитикалык борборлордун эксперттери, алдыңкы тармактык компаниялардын өкүлдөрү, активдүү жаштар, жергиликтүү жана чет өлкөлүк массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышууда.


Кыргызстандын атынан Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев баштаган делегация катышты. Ал иш-чарада сөз сүйлөп, Бишкек шаарында да туруктуу өнүгүү болуп жатканын белгиледи.

"Бишкек бүгүн туруктуу жана инновациялык өнүгүү жолуна кадам таштады. Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана кызматташтыкты кенейттүү багытында иштер алып барылууда. Биз ШКУга мүчө шаарлар менен ар тараптуу кызматташууга кызыкдарбыз", - деди Жунушалиев.


Иш-чаранын алкагында ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосунда консенсусту кеңейтүү, соода-экономикалык, инвестициялык кызматташтыкты арттыруу, гуманитардык, маданий байланышты чыңдоо багытында маселелер талкууланууда.


Атай кетсек, ШКУ туруктуу аракеттеги өкмөттөр аралык уюм болуп саналат. Уюм 2001-жылы 15-июнда Шанхайда Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан өлкөлөрү тарабынан негизделген. Учурда уюм 26 өлкө менен кызматташат.


Белгилей кетсек, 2025-жыл ШКУнун алкагында "Кытай жылы" деп жарыяланган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн