Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 09:51
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.045
1.090

Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келе жаткан 20 тонна уйдун майы артка кайтарылды

03.07.2024 11:38
278
Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келе жаткан 20 тонна уйдун майы артка кайтарылды


Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келе жаткан 20 тонна уйдун майы артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мыйзамсыз ташып келүү фактысы Ветеринардык кызматтын "Ак-Тилек" чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан аныкталган.

Тактап айтканда, Казакстандан келе жаткан жүк ташууда унаада ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптарына туура келбеген жүк аныкталып, инспекторлор тарабынан артка кайтаруу актысы түзүлдү. Ошентип, жүк "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу Казакстанга артка кайтарылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн