Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 16:20
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Кыргызстанга мыйзамсыз алынып келе жаткан 22 тонна беде үрөнү артка кайтарылды

16.12.2024 11:42
233
Кыргызстанга мыйзамсыз алынып келе жаткан 22 тонна беде үрөнү артка кайтарылды


Кыргызстанга мыйзамсыз алынып келе жаткан 22 тонна беде үрөнү артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан кыргыз-казак чек арасындагы "Чалдовар" өткөрүү пунктуна жакын жайгашкан "Жыйынды постунда" Казакстандан алынып келе жаткан 22 тонна беденин үрөнүн Кыргызстандын аймагына ташып кирүүдө карантиндик фитосанитардык талаптардын бузулушу аныкталган.

Фитосанитардык сертификатта камтылган маалыматтар транспорттук (ташуучу) документтерде көрсөтүлгөн маалыматтарга дал келбегендиктен жана тиешелүү маркировканын жоктугуна байланыштуу, фитосанитардык сертификат жараксыз деп таанылып, жүк кайра кайтарылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн