Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 06:18
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Кыргызстандыктар 1-сентябрдан тарта Өзбекстанга ID-карт менен кире алат

25.08.2023 13:50
516
Кыргызстандыктар 1-сентябрдан тарта Өзбекстанга ID-карт менен кире алат


1-сентябрдан тарта кыргызстандыктар Өзбекстанга, ал эми өзбекстандыктар Кыргызстанга ID-карт менен кире алат. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 27-январында Бишкек шаарында кол коюлган 2006-жылдын 3-октябрындагы Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө Кыргызстан өкмөтү менен Өзбекстан өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун практикалык ишке ашырылышы башталат.

Протоколго ылайык, 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандары башка жол жүрүү документтери менен бирге эки мамлекеттин аймагына кирүү, чыгуу, жүрүү жана убактылуу болуу үчүн ID-картты колдоно алат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн