Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 02:07
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Кыргызстандык жөө күлүк Нур-Султанга чуркоого камынууда

20.04.2021 09:20
1940
Кыргызстандык жөө күлүк Нур-Султанга чуркоого камынууда

Кыргызстандык  жөө күлүк Оболбек Осмонбеков жакынкы аралыкта Бишкектен Казакстандын борбору Нур-Султанга чуркайт. Бул тууралуу Осмонбеков Sputnik агенттигине билдирген.


Осмонбековдун айтымында, ал Нур-Султанга кыргыз-казак элдеринин достугун жана спортту даңазалоо максатында чуркамакчы.


"Нур-Султанга Бишкектен орозо аяктаганда, болжол менен май айынын акырында жолго чыгабыз. Азырынча даярдыктар көрүлүүдө. Нур-Султанга чейин эч кандай ашуу жок, жол түз. Болжолдуу эсептөөбүз боюнча, 1 200 чакырым аралыкты түзөт. Коштоп жүрчү унааларга эки элдин достугун жана спортту даңазалаган ураандар жазылат", — деди жөө күлүк.


Эске салсак, Осмонбеков буга чейин Нарында Бишкекке, Бишкектен Ошко чейин чуркаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн