Кулжа 12, 2025
Убакыт: 21:01
USD
87.30
87.80
EUR
100.80
101.80
RUB
1.085
1.125

Кыргызстандык бийчилер дүйнө чемпиону болушту

11.06.2025 10:27
44
Кыргызстандык бийчилер дүйнө чемпиону болушту


Кыргызстандык спортчулар Германияда бал бийи боюнча дүйнө чемпиону болушту. Бул тууралуу Бий спорту федерациясынын басма сөз кызматы билдирди.


6-7-июнь аралыгында Бремен шаарында (Германия) бал бийи боюнча жылдык турнир болуп өттүп, ага АКШ, Румыния, Франция, Италия, Польша, Португалия, Грузия, Кытай, Түштүк Африка сыяктуу 30дан ашык өлкөнүн спортчулары катышты.


Турнир Бүткүл дүйнөлүк бий спорту федерациясы WDSF’нын колдоосу астында өттү.


Латын программасы боюнча 65 жуптун ичинен Кыргыз Республикасынан барган жуп Владимир Вырлеев менен Мария Прошлецова биринчи орунду ээлешип, алтын медалды жана дүйнө чемпиону наамын алышты.


Президент Сергей Титуниндин атынан Бий спорту федерациясы бул мелдештерге катышкан спортчуларга ыраазычылык билдирет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн