Кулжа 16, 2025
Убакыт: 06:22
USD
87.30
87.80
EUR
100.40
101.40
RUB
1.085
1.120

Кыргызстанда жол кырсыктарынын 92%ы айдоочулардын күнөөсү менен коштолот

13.05.2024 08:40
308
Кыргызстанда жол кырсыктарынын 92%ы айдоочулардын күнөөсү менен коштолот


Кыргызстанда катталып жаткан жол кырсыктарынын 92%ы айдоочулардын күнөөсү менен коштолот. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Белгиленгендей, кырсыктар төмөнкү фактылар менен коштолууда:

-каттуу ылдамдыкта айдоо;
-карама-каршы тилкелерге чыгуу;
-алдыдагы унаадан ашып өтүүдө, озуп өтүүдө же маневр жасоодо коопсуздук эрежелерин толук сактабоо;
-мас абалында унаа башкаруу;
-кууш, тар жерлерде айдоочулар бири-бирине жол бошотуп бербөө;
-унаа башкаруу учурунда уктап калуу.

ЖКККББ айдоочуларды өзүнүн жана өзгөлөрдүн коопсуздугу үчүн жолдо жүрүүдө эрежелерди сактоого чакырат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн