Чын курандын 26, 2025
Убакыт: 12:33
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Кыргызстанда полиэтилен баштыктарын импорттоого убактылуу тыюу салуу пландалууда

23.04.2025 12:17
133
Кыргызстанда полиэтилен баштыктарын импорттоого убактылуу тыюу салуу пландалууда


Кыргызстанда полиэтилен баштыктарын импорттоого убактылуу тыюу салуу пландалууда. Экономика жана коммерция министрлиги токтом долбоорун коомдук талкууга койду.


Документке ылайык, мындай аракет экологияга зыяндын кесепетин азайтып, ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн ишмердүүлүгүнө көмөк боло алат.


"Бул баштыктар бир нече мүнөткө гана керектелгени менен анын жок болушу жүздөгөн жылдарга созулат. Бул абал табигый экосистеманы бузуп, таштандылар жер аянттарын ээлейт. Желим баштыктардын ордуна кагаз, картон, жыгач, айнек, темир жана кездемеден жасалган буюмду колдонсо болот", — деп айтылат маалыматта.


Анда бир жолу колдонулуучу желим идиш, баштыктарды ташууга тыюу салуу 2025-жылга чейин ЕАЭБдин алкагында туруктуу өнүгүү жана өнөр жай жаатында кызматташуунун глобалдык багыттарынын бири болуп саналары белгиленген.


Өткөн жылы Кыргызстанда 700 миң тонна полиэтилен баштыгы өндүрүлгөн, ал эми сырттан 1,6 миллион тонна (1,4 миллион тоннасы Кытайдан) импорттолгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн