Чын курандын 26, 2025
Убакыт: 16:45
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Кыргызстанда пластик калдыктары менен иштөө тартиби бекитилди

14.04.2025 16:24
169
Кыргызстанда пластик калдыктары менен иштөө тартиби бекитилди


Министрлер кабинетинин токтому менен Кыргызстанда пластик калдыктары менен иштөө тартиби бекитилди. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. 


Тартипке ылайык менчигинин уюштуруу-укуктук түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактардын пластик калдыктарын чогултуу, сактоо, кайра иштетүү тартибин белгилейт.


Мамлекеттик органдар, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар пластик калдыктары менен иштөөгө байланышкан ишти жүзөгө ашырууда Кыргызстандын калдыктар менен иштөө, калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарын жана бул тартипти жетекчиликке алат.


Бул тартип радиоактивдүү жана медициналык пластик калдыктарына, туруктуу органикалык булгоочу заттарды камтыган пластик калдыктарына жайылтылбайт. 


Толук маалыматты шилтеме аркылуу алууга болот. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн