Теке 26, 2025
Убакыт: 07:07
USD
87.20
87.70
EUR
102.10
103.10
RUB
1.090
1.130

Кыргызстанда орточо айлык акы 35,6 миң сомдон ашты

10.09.2024 15:06
556
Кыргызстанда орточо айлык акы 35,6 миң сомдон ашты


Чакан ишканаларды эсепке албаганда, 2024-жылдын январь-июль айларында бир кызматкердин орточо айлык акысы 35 миң 621 сомду түздү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.

Анын айтымында, көрсөткүч 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 11,1%га өскөн.

Ал белгилегендей, эмгек акынын эң көп өсүшү дүң жана чекене соода, кыймылсыз мүлк менен операцияларды жүргүзүү, унаа жана мотоциклдерди оңдоо, курулуш, суу менен камсыздоо жана тазалоо, тоо-кен казуу, кесиптик жана илимий ишмердүүлүк, финансылык ишмердүүлүк жана камсыздандыруу чөйрөсүндө, ошондой эле транспортто жана жүктөрдү сактоо тармагында байкалган.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Улукбек
Токтогул ройонунда канча орточо айлык