Чын курандын 26, 2025
Убакыт: 16:33
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Кыргызстанда куралган алгачкы жүк ташуучу унаалар пайдаланууга берилди

17.03.2025 16:15
877
Кыргызстанда куралган алгачкы жүк ташуучу унаалар пайдаланууга берилди


Кыргызстанда куралган алгачкы жүк ташуучу унаалар пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.


Маалыматка ылайык, унааларды сатып алган жеке компанияга ачкычтарды министр Бакыт Сыдыков тапшырды.


Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду атамекендик "Тулпар моторс" автоунаа заводу жана "Шоро" компаниясы менен үч тараптуу лизинг келишимине кол койгон.


Бакыт Сыдыковдун айтымында, быйыл өлкө боюнча 128 ишкананы ачуу пландалууда. Былтыр 102 ишкана пайдаланууга берилген.


"Бул ишканалардын баары иштеп жатат. Алдын ала эсептөөлөргө караганда, алардын өндүрүмдүүлүгү 600 млн сомдон ашкан.

Мамлекет тарабынан автоунаа заводуна автолизинг аркылуу колдоо көрсөтүлүүдө. Учурда анын мөөнөтүн узартуунун үстүндө иштер жүрүп жатат", - деди ал.


Белгиленгендей, завод ишин баштагандан бери 3 миңден ашык унаа кураштырып, анын 2 миңдейи мамлекеттик мекемелерге берилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн