Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 19:26
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Кыргызстанда коронавирустан каза болгондордун саны дагы төрткө көбөйдү

06.07.2020 10:18
1030
Кыргызстанда коронавирустан каза болгондордун саны дагы төрткө көбөйдү

 

Өткөн сутка ичинде 4 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде билдирди.


Маалыматка ылайык, көз жумган адамдарда коронавирустан сырткары өнөкөт оорулары болгон.


Каза болгондор:

Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан – 1 бейтап (эркек, 73 жашта);
Ош шаардык клиникалык ооруканасынан – 1 бейтап (эркек, 53 жашта);
Токмок аймактык ооруканасынан – 1 бейтап (эркек, 86 жашта);
Ысык-Ата аймактык ооруканасынан – 1 бейтап (эркек, 41 жашта).

Жалпы каза болгондордун саны 92 кишини түздү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн