Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 08:14
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Кыргызстанда коронавирус илдети дагы 100 адамдан чыгуусу мүмкүн экени айтылды

24.03.2020 13:15
1297
Кыргызстанда коронавирус илдети дагы 100 адамдан чыгуусу  мүмкүн экени айтылды


Кыргызстанда коронавирус илдети дагы 100 адамдан чыгуусу  мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн Республикалык штабда Саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди.


Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 24-мартына карата республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруунун 26 жаӊы учуру катталды, жалпы 42 адамда COVID-19 вирусу аныкталды. 


Мындан сырткары ооруканага жаткырылган дагы 4 адамдан алдын ала коронавирус бар деген жыйынтык чыгарылды (контролдук изилдөөлөр жүргүзүлүүдө). Ошондой эле 96 адамдын анализдери шектүү реакция болуп, азырынча терс жыйынтыгын көрсөтүүдө.


Бардыгы болуп 142 адам ооруканага жаткырылды (68 эркек, 74 аял).

Жаткырылгандардын арасында бир жашка чейинки 2 бала бар, алардын ичинен бирөөсүндө коронавирус инфекциясы аныкталды;

6 жаштагы 1 балада – коронавирус инфекциясы аныкталды;

14 жаштагы 1 өспүрүмдө – коронавирус инфекциясы аныкталды; 

Калгандарынын жашы – 16дан 86 жашка чейин

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн