Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 08:18
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Кыргызстанда COVID-19 менен пневмониядан жалпы 30 099 адам сакайып чыкты

06.08.2020 11:34
1260
Кыргызстанда COVID-19 менен пневмониядан жалпы 30 099 адам сакайып чыкты


Кыргызстанда илдет башталгандан бери жалпы COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 30 099 адамды түздү. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 6-августтагы брифингде билдирди. 


Анын маалыматына караганда, бир сутка ичинде сакайып чыккандар 589 адамды түздү. 


Жаңы учурлар: 


Бишкек шаарында – 104

Ош шаарында – 55

Чүй облусунда – 84

Ош облусунда – 98

Талас облусунда – 15

Нарын облусунда – 27

Ысык-Көл облусунда – 76

Жалал-Абад облусунда – 68

Баткен облусунда – 62


Ал эми өлкө боюнча бардыгы болуп илдет башталгандан бери жалпы 38659 учур катталды. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн