Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кайра иштетүү тармагындагы "3+2" долбоору боюнча ийгиликтүү иш алып барууда.
Ведомствонун маалыматына караганда, аталган долбоордун алкагында Москва райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы "Кыргызцентпродукт" логистикалык борборунун жетекчиси М.Д. Белошаров менен жолугушуу өткөрүп, биргелешкен кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшту.
Келишимге ылайык, логистикалык борбор брокколи, түстүү капуста, стручковый фасоль, помидор жана башка жашылчаларды ыкчам тоңдуруу (шоковая заморозка) технологиясы менен кайра иштетип, таңгактап экспортко жөнөтөт.
Өндүрүлгөн продукция коңшу мамлекеттерге экспорттолот. Ошол эле учурда, жогорудагы жашылчаларды өстүрүүдө "Кыргызцентпродукт" жергиликтүү дыйкандарды кызматташууга чакырат.
Ишкананын дареги: Чүй облусу, Беловодское айылы, Шолохова көчөсү, 12/10.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн