Кулжа 27, 2025
Убакыт: 14:46
USD
87.20
87.70
EUR
101.80
102.80
RUB
1.111
1.135

Кыргызстан саммит төрагалыгын Тажикстанга өткөрүп берди

21.07.2022 15:39
807
Кыргызстан саммит төрагалыгын Тажикстанга өткөрүп берди


Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчыларынын кийинки консультативдик жолугушуусу Душанбе шаарында болорун президент Садыр Жапаров билдирди.

Эске салсак, Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн жетекчилери Чолпон-Атага консультативдик кеңешке чогулган. Жыйында Жапаров бардык катышуучуларды иш-чаранын өтүшү менен куттуктады.

"Консультативдик жолугушуунун төрагалыгын Тажикстанга канааттануу менен өткөрүп берем. Урматтуу аксакал, Тажикстан президенти Эмомали Шариповичке ийгиликтүү жана майнаптуу төрагалык каалайм. Душанбеде көрүшкөнгө чейин", — деген Садыр Жапаров.

Бүгүнкү Чолпон-Атада өткөн саммитке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан президенттери катышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн