Кулжа 27, 2025
Убакыт: 18:37
USD
87.20
87.70
EUR
101.80
102.80
RUB
1.111
1.135

Ноокатта 2,27 га жер ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды

27.06.2025 14:12
10
Ноокатта 2,27 га жер ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды


Ноокат районундагы "Чарвадор" асыл тукум чарбасы тарабынан мамлекетке 2,27 га жер аянтын ыктыярдуу өткөрүп берди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.


Атайын кызмат тарабынан мамлекеттик объектилерди жана жерлерди мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Ноокат районунун Гулистан айыл өкмөтүндөгү "Чарвадор" асыл тукум чарбасы тарабынан 2,27 га жер аянты мыйзамсыз менчиктештирилгендиги аныкталган.


Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш чараларынын натыйжасында "Чарвадор" асыл тукум чарбасынын жетекчиси аталган 2,27 га жер аянтын өз ыктыяры менен мамлекетин балансына өткөрүп берди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн