Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 16:01
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Кыргызстан менен Өзбекстан "Чашма" булагын чогуу пайдаланууга макулдашты

28.04.2025 13:31
21
Кыргызстан менен Өзбекстан "Чашма" булагын чогуу пайдаланууга макулдашты


2025-жылдын 24-апрелинде Ташкент шаарында Кыргызстандын жана Өзбекстандын делегацияларынын чек ара маселелери боюнча кезектеги жолугушуусу болуп өттү. 


Жыйынга Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жана министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев төрагалык кылышты. 


Өзбекстан өкмөтүнүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда "Чашма" булагын биргелешип пайдалануу жана чек ара маселелери талкууланган.


Жолугушууда тактала элек чек ара тилкеси боюнча протокол кабыл алынып, "Чашма" булагын биргелешип пайдалануу боюнча негизги макулдашууларга жетишилди. Булак эки элдин орток байлыгы катары белгиленип, аны эки өлкөнүн жарандары тоскоолдуксуз колдонууга укуктуу экени белгиленди. Өзбекстан тарап суунун үчтөн эки бөлүгүн пайдаланууга мүмкүнчүлүк алат. Ошондой эле булактын суусуна таасир эте турган бардык аракеттер эки тараптуу макулдашуу менен жүргүзүлөт.


Тараптар чек ара өткөрмө бекеттеринин ишин жакшыртуу жана 2004-жылкы чек ара келишимине өзгөртүүлөрдү киргизүү иштерин тездетүү боюнча да макулдашышты. Бул жарандардын эркин жүрүүсүнө жана жүктөрдү ташууга шарт түзмөкчү.


Жыйын соңунда тиешелүү документтерге кол коюлуп, тараптар мындан аркы кызматташтыкты улантууга даяр экенин билдиришти. Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөнү айтылды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн