Чын курандын 26, 2025
Убакыт: 16:30
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Кыргызстан менен Япония миграция жаатындагы кызматташтыгын кеңейтет

18.04.2025 10:04
178
Кыргызстан менен Япония миграция жаатындагы кызматташтыгын кеңейтет


Кечээ Токио шаарында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Япониянын саламаттык сактоо, эмгек жана жыргалчылык министри Ники Хиробуми менен жолукту.


Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда тараптар белгилүү көндүмдөргө ээ чет элдик жумушчуларды тартуу программасынын (SSW) учурдагы ишке ашырылышын талкуулап, уюшкан эмгек миграциясынын туруктуу каналдарын түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.


Кыргыз тарап Япониянын талаптарына ылайык эмгек ресурстарын сапаттуу тандоо жана даярдоого даяр экендигин билдирди.


Кызматташтыктын багыттарын кеңейтүү, анын ичинде медициналык тейлөө тармагына кыргызстандык адистердин катышуу мүмкүнчүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле Кыргызстан SSW программасынын алкагында жаңы жумушка орноштуруу багыттарын ачуу маселесин кароону сунуштады.


Эки тарап тең эмгек миграциясынын этикалык, ачык-айкын жана туруктуу системасын түзүү ниеттерин билдиришип, бул системанын эки өлкөнүн тең кызыкчылыктарын жана өз ара урматтоону эске алуу менен курулушу керектигин белгилешти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн