Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 19:27
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Кыргызстан менен Түркиянын парламенттер аралык кызматташтыгы талкууланды

27.05.2024 17:21
232
Кыргызстан менен Түркиянын парламенттер аралык кызматташтыгы талкууланды


Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты, НАТОнун Парламенттик ассамблеясынын төрагасы Мевлют Чавушоглу менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө өлкөлөр ортосундагы парламенттер аралык кызматташуу, эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу маселелери талкууланды.

Ошондой эле тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери тууралуу пикир алышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн