Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 19:01
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Кыргызстан менен Тажикстан чек ара чырын сүйлөшүү жолу аркылуу чечүүгө даярдыгын билдирди (Видео)

29.04.2021 22:18
1229
Кыргызстан менен Тажикстан чек ара чырын сүйлөшүү жолу аркылуу чечүүгө даярдыгын билдирди (Видео)

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында, бүгүн, үстүбүздөгү жылдын 29-апрелинде Казань шаарында (Россия Федерациясы, Татарстан Республикасы) Кыргызстан менен Тажикстандын премьер-министрлери Улукбек Марипов жана Кохир Расулзоданын пландаштырылбаган эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.


Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн өкмөт башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаалды талкуулады.


Тараптар эки республиканын чек арасындагы конфликттик абалды сүйлөшүү жолу аркылуу тез арада чечүүгө толугу менен даярдыгын билдирди.


Эки өлкөнүн премьер-министрлери чек ара маселелерин чечүүдө күч ыкмаларын колдонууга жол берилбеши тийиштигин жана мындан ары карай чыр-чатакты ырбатууга жол бербөө максатында ыкчам чараларды кабыл алуу зарылдыгы боюнча бирдиктүү пикирин билдиришти.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн