Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 15:10
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Кыргызстан менен Беларустун парламенттер аралык кызматташтыгы талкууланды

06.08.2024 12:00
468
Кыргызстан менен Беларустун парламенттер аралык кызматташтыгы талкууланды


Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев Беларустун Улуттук Жыйынынын Республика кеңешинин Эл аралык иштер жана улуттук коопсуздук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Сергей Алейник менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, Кыргызстан менен Беларустун парламенттер аралык өз ара кызматташуусунун артыкчылыктуу багыттары, ошондой эле соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу маселелери талкууланды.

Тараптар эки тараптуу мамилелердин бардык спектрин бекемдөө боюнча биргелешкен ишти улантууга өз ара даярдыктарын билдиришти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн