Чын курандын 26, 2025
Убакыт: 17:23
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Кыргызстан менен Азербайжан маданият министрлери жолукту

22.04.2025 16:54
105
Кыргызстан менен Азербайжан маданият министрлери жолукту


Күн мурун Бишкектеги Улуттук тарых музейинде Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев менен Азербайжандын маданият министри Адил Габиль оглу Каримлинин эки тараптуу жолугушуусу өттү.


Маданият министрлигинен билдиришкендей, жолугушуу эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоодо маанилүү окуялардын бири болуп калды.

Сүйлөшүүлөр Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы терең тарыхый жана маданий байланыштар, жалпы баалуулуктарга жана элдердин достугунун өнүгүүсүнө умтулууга негизделгени белгиленди.


Жолугушуунун негизги өзөгү Азербайжандын Кыргызстандагы маданият күндөрүнүн ачылышы болду. Аталган иш-чара Азербайжандын бай маданий мурасы менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк түзүп, эки элдин ортосундагы байланыштарды бекемдейт.


Иш-чаранын алкагында министрлер Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда маданият жаатында кызматташууну өнүктүрүү боюнча 2025-2026-жылдарга практикалык чаралар планына кол коюшту. Бул документ мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн багыттарын аныктап, өлкөлөрдүн ортосундагы бир туугандык байланыштарды ырастайт.


Иш-чаранын соңунда Азербайжандын маданият министрин Улуттук тарых музейиндеги экспозициялары жана көргөзмөлөрү менен тааныштырып, жеке экскурсия уюштурулду.


Мирбек Мамбеталиев Адил Габиль оглу Каримлиге сапары жана жемиштүү талкуулар үчүн чын дилден ыраазычылык билдирип, маданий диалогду өнүктүрүүгө болгон жалпы умтулууну баса белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн