Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 20:03
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Кыргызстан чет элдик студенттердин саны боюнча Борбор Азияда 1-орунда турат

07.07.2022 09:06
470
Кыргызстан чет элдик студенттердин саны боюнча Борбор Азияда 1-орунда турат


Кыргызстан чет элдик студенттердин саны боюнча Борбор Азияда биринчи орунду ээледи. Бул туурасында билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев КТРКга берген маегинде билдирди.

Ал эми КМШ өлкөлөрүнүн ичинен республика алдыңкы позицияны ээлеп, Россиядан кийинки эле сапта турат.

"Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң көп студент бизге келип окуйт. Биринчиден, өлкөдө либералдуу система бар, экинчиден, аларга жагымдуу шарттар түзүлгөн, үчүнчүдөн муктаждыгына жараша билим берүүгө аракет кылып жатабыз", — деди Бейшеналиев.

Министрдин айтымында, Кыргызстандын жогорку окуу жайларында быйыл чет өлкөдөн 84 миң студент келип окуган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн