Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 19:54
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Кыргызстан Россиядан тик учак жана учкучсуз учуучу аппараттарды сатып алат

31.10.2021 09:00
887
Кыргызстан Россиядан тик учак жана учкучсуз учуучу аппараттарды сатып алат



УКМК 2021-жылдын 29-октябрында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев «Рособоронэкспорт» АК жетекчиси Александр Михеев менен «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында жолугушканын маалымдайт.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө байланышкан маселелерди кеңири талкуулашты.

 

Эки жак кыргыз тараптын «Рособоронэкспорт» АК Ми-17В-5 тик учагын сатып алуу, Ми-8 МТВ тик учактарын капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо, аларга тетиктерди жеткирүү жана агрегаттарды оңдоо боюнча макулдашышты.


  Жолугушуунун негизги жыйынтыгы катары КР УКМК Чек ара кызматынын керектөөлөрү үчүн «Орлан-10Э» учкучсуз учуучу аппараттардын көп функционалдуу комплекстерин Кыргыз Республикасы тарабынан сатып алуу боюнча келишимге кол коюу болду.


 Белгилей кетүүчү нерсе, аталган аскердик-техникалык буюмдар Кыргыз Республикасы тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынат.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн