Президент Садыр Жапаровдун Малайзияга болгон расмий иш сапарынын алкагында «Кыргызалтын» ААКсы менен Public Gold Marketing Sdn. Bhd өлчөнгөн куйма түрүндөгү аффинаждалган алтынды сатып алуу-сатуу келишимине кол коюшту.
Мекемеден билдиришкендей, «Кыргызалтын» ААКсы малайзиялык Public Gold Group компаниясы менен 2025-жылы 1 кг өлчөнгөн куйма түрүндөгү 300 кг кыргыз алтынын сатып алуу-сатуу боюнча жалпы суммасы 36 млн АКШ долларына жакын келишим түзгөн.
Учурда 300 кг өлчөнгөн алтын куймасынын ичинен 50 килограммы 5,6 млн АКШ долларына сатылды.
Ошондой эле кызматташтык боюнча меморандумдун алкагында «Кыргызалтын» ААК жогоруда аталган малайзиялык компаниянын өлчөнгөн алтын куймаларды сатуу боюнча маркетингдик чечимдерди, анын ичинде алтынды контактсыз сатуу үчүн автоматтарды колдонуу тажрыйбасын изилдөөнү пландаштырууда.
"Малайзиялык тарап менен бул документтерге кол коюу Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын ортосундагы соода жүгүртүүнү өнүктүрүү үчүн маанилүү окуя болуп саналат, ошондой эле Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясы (АСЕАН) багытында эл аралык рынокто «Кыргызалтын» ААКтын позициясын бекемдөөгө өбөлгө түзөт",-деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн